Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Урматтуу шайлоочулар жана саясий партиялардын өкүлдөрү!

“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 5- бөлүгүнүн 19-статьясына ылайык Бишкек АИКтин чечими менен 2015-жылы участкалык шайлоо комиссиясы 2 жылдык мөөнөткө түзүлгөн, анын иштөө мөөнөтү ушул жылдын июнь айында аяктайт, мындан сырткары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан жылдырылган  участккалык шайлоо комиссияларынын резервинин мөөнтү да аяктайт.  

Ушуга байланыштуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу өкүлчүлүктүү органдарынан УШКтын тутумун түзүү үчүн УШКнын резервин түзүүгө, жана УШКнын тутумуна кирүүгө саясий партиялардын талапкерлеринен  УШКтын тутумун түзүп жаткандыгын  кулактандырат.

УШКнын аракеттеги резервинде турган жергиликтүү өзүн өзү башкаруу   органдарынын талапкерлери, өздөрүнүн талапкерлигин жылдыра алат. УШКнын мүчөлүгүнө талапкер резервине талапкерлерди жылдыруу учурунда алардын административдик аймакта жашоосун эсепке алуулары зарыл.  

УШК шайлоого даярдык көрүүнү уюштуруп өткөрүүчү, жарандардын шайлоо укугун камсыз кылуу жана коргоочу  коллегиялык орган. УШКнын тутумунда  иштөө жооптуулукту талап кылат жана шайлоо мыйзамына ылайык келген иштерди аткарат.

Ушуга байланыштуу УШКнын резервине талапкерлерди жылдырууда ошол жарандын макулдугун, ишке даярдык деңгээлин, ошондой эле профессионалдуулугу, шайлоо комиссияларда иштөө тажрыйбасы, өзүк касиети  эсепке алынат.

УШКнын резервине талапкерлерди коомдук мекемелерден, шайлоочулардын жыйынынан  жылдырууда жыйындын төрагасы жана катчысынын колу коюлуп,  мөөрү басылышы  керек. Протоколго жыйналыштын катышуучуларынын тизмеси, алардын жашаган жери көрсөтүлүп, колдору коюлушу зарыл.

Саясий партиялардан жылдыруу алардын уставына ылайык өтүшү зарыл. УШКга тийиштүү документ, саясий партиянын жетекчисинин (жыйындын төрагасынын) колу коюлуп, печаты басылышы зарыл.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтерге тиркелет:

-Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын нормаларын милдеттүү сактай тургандыгы тууралуу жана участкалык шайлоо комисиясынын тутумунда иштегенге макулдугу болгон арызы;

-паспорттун көчүрмөсү;

-билими, окуусу, иш орду көрсөтүлгөн биографиялык маалыматы  (кадрга тийиштүү өздүк баракча  жана резюме);

-Байланыш дареги: жашаган жеринин адреси, телефон номерлери.

“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча комиссиясы тууралуу” жана шайлоо комиссиясынын резервин түзүүнүн тартиби тууралуу Жобосунун негизинде УШКтин мүчөлөрүнүн резервине төмөндөгүлөр мүчө боло алышпайт:

- Жогорку Кенештин депутаты, жергиликтүү кеңештин депутаты;

-мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлери;

-судья, укук коргоо жана  фискалдык органдын, аскеркызматчысы;

- талапкер, саясий партиялардын жана талапкердин өкүлдөрү;

- башка мамлекеттин жарандары;

- соттулугу алынбаган же тийиштүү мыйзам чегинде жокко чыгарылбагандар;

- башка шайлоо комиссиясынын мүчөсү.

УШКнын резервине талапкерлерди жылдыруудагы шайлоочулардын жана коомдук уюмдардын чогулушунун Протоколу Бишкек шаардык кеңешинде  2017-жылдын 31-майына дейре саат 18ге чейин кабыл алынат.

Бул тууралуу толук маалыматты  «Шайлоо комисияларын түзүү жана таратуунун тартиби тууралуу» жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн тартиби тууралуу» Жоболордон, ошондой эле участкалык шайлоо комиссиялардын тутумуна жана резервине талапкерлерди жылдыруудагы документтердин үлгүсү менен КР БШКнын расмий сайтындагы материалдардан таанышса болот: www.shailoo.gov.kg.

 

Сурап билүү телефону: Бишкек шаардык кеңеши    62- 58-14,

      Бишкек АИК                           62 -08- 24