Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев, депутаттар Таалайбек Сариев жана Наталья Кулматова борбордун муниципалитетинин өкүлдөрүнүн катышуусу менен Москва Өкмөтүнүн маалымат технологиялар Департаментинин эксперттери жана дүйнө жүзүндө Smartcity долбоолорун ишке ашырган жеке компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө меймандар Москвада, россиялык жана дүйнө жүзүндөгү  башка шаарларда  шаарды кантип акылдуу кылуу жана технологиялардын өнүгүүсү менен шаар чөйрөсүн өзгөртүү багытында   ийгиликтүү ишке ашырылып жаткан долбоорлорду көрсөтүштү.

Бул долбоорлордун бардыгы инновациялык технологияларды колдонуунун аркасы менен жашоо сапатын жакшыртууну көздөгөн “Акылдуу шаар” глобалдуу бир концепциянын рамкасына кирет.

Бул жолугушуу “акылдуу шаарларды” куруу боюнча тажрыйба алмашуучу аянтча болуп калды. Бул кадамдар шаарда жашоонун жайлуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган.

Жолугушуу “Шаардык демилгелер” Коомдук Фонду менен Саясый өнүгүү институту менен биргеликте уюштурулган.