Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Визиттин алкагында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев и Астана шаарынын Маслихатынын катчысы Жанат Нурпиисов жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүк органдарынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Бул документ тарыхый документ болуп эсептелет жана депутатык байланыштардын кеңейүүсүнө,   жергиликтүү өз алдынча башкаруу, бюджеттик укук сыяктуу чөйрөлөрдө мыйзам чыгаруу ишинде тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк түзөт, ошондой эле билим берүү, маданият, илим, спорт, туризм жана саламаттык сактоо жаататарындагы байланыштарды кеңейтүү жана тереңдетүү максатында социалдык багыты бар.

БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиев “Макулдашууга кол коюу биздин кызматташтыкты бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет, биздин региондор үчүн жалпы көйгөйлөр боюнча чечимдерди бирге иштеп чыгууга жана аларды тыгыз байланышта чеччүгө шарт түзөт” - деп белгиледи.

Бул эки өлкөнүн эки өкүлчүлүктүү органынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жөнүндө биринчи макулдашуу   жана биргелешкен жигердүү ишинин жыйынтыгы болуп саналат.

Визиттин жүрүшүндө өзгөчө көңүл  Астана шаарынын башкы планын ишке ашыруу жана иштеп чыгуу маселесине, 2016-2020-жылдарга Астана шаарын өнүктүрүү программасына, ошондой эле,Астана шаарын өнүктүрүү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары менен өз аракеттенүү боюнча долбоорлорду ишке ашырууну жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды кабыл алуудагы  тажрыйбага өзгөчө көңүл   бурулду.

Мындан тышкары, тараптар миграциялык маселени – аларды чечүү көйгөйлөрүн жана жолдорун талкуулашты. Ошондой эле, Кыргыз Республикасыныннын жана Казахстан Республикасынын эл жазуучусу Чынгыз Айтматовдун ысымын түбөлүккө калтыруу боюнча Астана шаарынын  көчөлөрүнүн бирин кайра атоо маселеси да талкууланды. Акыркы маселе боюнча, ономастикалык комиссиянын чечимине жана Астана шаарынын Маслихатынын токтомуна ылайык Астана шаарынын борбордук көчөсүнүн бири Чынгыз Айтматов көчөсүнө кайра аталды.

Делегациянын курамына Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, фракция лидери, көпчүлүк коалициясынын лидеринин орун басары Асылбек Кадралиев, регламент, укуктук маселелер жана укуктук тартип боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева, бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жанарбек Алымов, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Гульнара Молдобаева, турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Жумабек Салымбеков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Алымбек Бактыбеков жана депутат  Наргиза Жолдошбаева  киришти.