Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Жолугушуу жылуу маанайда өттү. Бишкек шаарынын 8-11-класстарынын окуучулары Бишкек шаардык кеңештин иши жана түзүмү менен өз ооздорунан угуп таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Жолугушуу суроо-жооп форматында өттү. Окуучу балдар аялдама, жолдордогу коопсуз кыймыл, таштанды көйгөйү, БШКнын перспективдүү пландары жөнүндө, курулуп жаткан жолдордун сапаты, билим берүү жарманкелери жана башкалар жөнүндө кызыгышты.

Шаардык парламенттин өнүгүү тарыхы менен тааныштыруу максатында, мектеп окуучулары үчүн шаардык кеңештин имаратында экскурсия болду.

Иш-чара жалпысынан абдан  кызыктуу жана мазмундуу болду. Депутаттар окуучуларга окууларына жетишкендиктерди, турмуштун позициясында туура тандоону каалашты.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, төраганын орун басары Валентина Лисниченко, регламент, укуктук маселелер жана укуктук тартип боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Адиса Имангазиева жана депутат Жаныбек Абиров катышты.