Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардияга “Жаз-2019” чакыруусу менен аскерлерди, Бишкек шаардык кеңештин атынан депутат Адиса Имангазиева куттуктады.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин депутаты Бактыбек Абдиев “Ынтымактуу Көлмө жаңы конушу” гала концертинин ачылышына катышты.

Кенен маалымат...

Юбилейге карата, борбор тарабынан концерттик программа жана “Манас” эпосунун үзүндүсүнөн театраштырылган көрсөтүүсү менен салатанаттуу иш чара уюштурулган.

Кенен маалымат...

Көчмө жыйында БШКнын төрагасы Жаныбек Абиров, муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Базарбек Абдраев, БШКнын депутаттары Эрмек Усубалиев, Бактыбек Абдиев жана Бишкек шаардык мэриясынын өкүлдөрү катышышты.

Кенен маалымат...

Шаар тургундары ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин депутаттары тарабынан жаз келиши менен ишембилик өткөрүү жакшы салтка айланды десек болот.

Кенен маалымат...

Ош шаардык кеңеш Бишкектеги коллегаларын футбол боюнча жолдоштук беттешке чакырышкан.

Кенен маалымат...

Жыйынга Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев, Бишкек шаарынын вице-мэр Улан Азыгалиев, Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Бишкек шаары боюнча башкармалыктын, Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын жана Бишкек шаарынын мэрясынын КМККБнын жетекчилери чакырылган.

Кенен маалымат...

Айтылган жыйын Октябрь районунун 12-кичи районунун тургундарынын жолдорду оңдоп-түзөө, таштанды контейнерлерин ордун алмаштыруу жана № 132 жана № 172 маршуттардын акыркы аялдамасынын ордун алмаштыруу боюнча кайрылуусунун негизинде уюштурулган.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңеште өткөн жолгушууда чемпиондун апасы Елена Шевченко, машыктыруучусу  Павел Федотов, “Кулатуу-Эртаймаш” улуттук күрөшү боюнча Дүйнөлүк федерациясынын Президенти Руслан Кыдырмышев жана БШКнын депутаттары катышты.

Кенен маалымат...

Бишкек шаарындагы “Ден соолук аллеясында” Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата бак-дарактарды отургузуу боюнча “Бардыгына ден соолук!” акциясы өттү.

Кенен маалымат...

Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов “Газпром-балдарга” дене тарбия, ден соолукту чыңдоо комплексинде уюштурулган салтанаттуу иш чарага катышып, дене тарбия жана спорт тармагында эмгектенген бардык спортчуларды кесиптик майрамы менен куттуктады.

Салтанаттуу иш чарада мини-футболчулар аралык өткөрүлгөн мелдештин жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи өттү.

Ардактуу 1-орунду Улуттук оюндар боюнча ОРБӨСМ (олимпиадалык резервдик балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби) командасы алып, БШКнын төрагасынын орун басары Русланбек Жакышовдун колунан диплом менен 15000 сомдук сертификатка ээ болду.

Ардактуу 2-орунга Биринчи май жана Свердлов райондорунун ОРБӨСМнен түзүлгөн курама командасы (диплом жана 10000 сомдук сертификат), ал эми ардактуу 3-орунга “Дельфин” ОРБӨСМи (диплом жана 5000 сомдук сертификат) ээ болушуту. 

Ошондой эле, “Дене тарбия жана спорт кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамга карата Бишкек шаарында спорттун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн спорт тармагындагы өзгөчүлүк көрсөткөн кызматкерлер Бишкек шаардык кеңештин Ардак грамоталарына ээ болушту. Алар:
1. Ленин районунун спорт боюнча инструктору – Эсеналиев Бакыт Токтогулович;
2. Октябрь районунун спорт боюнча инструктору – Джунушев Досумбек Молдобекович;
3. Свердлов районунун спорт боюнча инструктору – Дядичкин Николай Павлович;
4. Спорт оюндары боюнча СДЮШОРдун торагасынын орун басары Кармашев Болотбек Тажибаевич.

“Бишкек шаардык кеңеш Бишкек шаарынын тургундарынын арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүүдөгү негизги маселелерди чечүү жаатындагы стратегиялык милдеттерди жана функцияларды ишке ашырат. Шаар тургундарына сергек жашоо образын жайылтуу, дене тарбия жана спорт менен машыктырууга тартуу боюнча иш жүргүзөт. 

Бүгүнкү күндө ата мекендик спортчулардын жетишкендиктерине жараша дүйнөнүн төрт бурчунда биздин кичине, бирок намыстуу өлкөбүздүн гимни ырдалып, желегибиз желбирөөдө. Ар бир жеңиш, ар бир жетишкендик, ар бир медаль бул жеңишке жылдап өз салымын кошуп келген спортчунун, анын жакындарынын, машыктыруучулардын, врачтардын эмгеги болуп саналат”, - деп өз куттуктоо сөзүндө Русланбек Жакышов белгиледи.

БШКнын депутаты Наталья Кулматованын атына А. Торунлу жаранынын атынан түшкөн арызынын негизинде комиссиялык көчмө жыйын уюштурулган.

Кенен маалымат...