Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Мүзүралиев БУУ системасынын туруктуу координатору, БУУӨПнын Кыргызстандагы  туруктуу өкүлү   Александр Аванесов менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргыз  Республикасындагы миграция процесси, калктын жашоо шартын жакшыртуу, билим берүү жана саламаттыкты сактоонун абалы жана учурда актуалдуу болгон балдарга каршы жасалып жаткан зомбулук проблемаларынын тегерегинде сөз болду. 
Баш калаа парламентинин башчысы Бишкек шаардык кенештин 27-чакырылышына 5 фракция киргендигин, анын экөө оппозициялык экендигин жана бардык депутаттар Бишкек шаарынын тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу багытында иштөөгө  даяр экендигин айтты.
 Александр Аванесов өз кезегинде кызматташтыкка даяр экендигин белгилеп өттү. 
Жыйынтыгында кызматташтыкты өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттарын аныктоо үчүн  кеңейтилген курамда жолугушуу өткөрүү чечими кабыл алынды.