Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

 

Бишкек жана Рига шаардык парламенттеринин өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу Бишкек шаардык кеңештин төргасы Жаныбек Абиров, төраганын орун басары Русланбек Жакышов, Бишкек шаардык кеңештин фракцияларынын лидерлери – Эрмек Усубалиев, Таалайбек Сариев, Таалайбек Сагынов, Асылбек Кадралиев, Жанар Алымов, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары Адиса Имангазиева, Асылбек Акылбеков жана депутат Валентина Лисниченконун катышуусунда өттү.

Рига шаардык Думасы тараптан – төраганын орун басары Андрис Америкс, шаардык мүлк комитетинин төрагасы Олегс Буровс, Рига шаардык Думасынын депутаты Михаилс Каменецкий, Рига шаардык Думасынын шаардык мүлк департаментинин директорунун орун басары Рихардс Русинс, «Гетлини Эко» АКБнын башкармалыгынын төрагасы жана долбоорлор бөлүмүнүн жетекчиси Имантс Стиранс катышты.

Жогорку деңгээлдеги меймандар менен саламдашып жатып, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров Рига шаардык Думасынын делегациясынын визити биз үчүн өтө маанилүү экендигин айтып, эки тараптуу туруктуу мамилелерге старт берүү үчүн пайдубал түптөлүп жаткандыгын белгилеп өттү.

«Биз бүгүн эки тараптуу кызыкчылык жараткан бардык маселелер боюнча диалогду улантабыз деп ойлойм. Бизде кызматташууну мындан ары улантуу керектигин эки тараптан тең түшүнүү бар.

Кол коюлуп жаткан Меморандум иш менен бекемделип, эки мамлекеттин өкүлчүлүк органдарынын ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүгө негиз болот деп ишенем», - деди Жаныбек Абиров.Рига шаардык Думасынын төрагасынын орун басары Андрис Америкс өз кезегинде Рига шаар парламентинин ишмердиги жана түзүмү, борбордук бюджетти түзүү, шаар парламентинин туруктуу комитеттеринин ролу жана мааниси жөнүндө айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Бишкек шаардык кеңеш жана Рига шаардык Думасынын ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюшту. Бул документ билим берүү, илим, маданият, турак жай-коммуналдык чарба, шаардык мүлк, катуу тиричилик таштандыларды кайра иштетүү, спорт, туризм, саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү жаатында байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Андан соң Рига шаардык Думасынын төрагасынын орун басары Андрис Америкс Бишкек шаардык кеңештин эстелик китебине төмөнкү жазууну калтырды.

«Бүгүн биз Рига жана Бишкектин мындан аркы достугуна негиз салдык. Биз бул достук мамилелердин жылдан-жылга бекемдешине болгон аракетибизди жумшаарыбызды каалайт элем».

Белгилеп кетчү жагдай, бул Рига шаардык Думасынын Бишкекке жооп иретиндеги визити. Үстүбүздөгү жылдын май айында борбор калаа парламентинин делегациясы Ригага расмий визит менен барып келген.