Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Бишкекке Рига шаардык парламентинин делегациясы келди. Рига шаардык думасынын делегациясын  төраганын орун басары Андрис Америкс жетектеп келди. Делегация курамына Рига думасынын депутаттары жана «Гетлини Эко» АКБ компаниясынын өкүлдөрү кирген сегиз кишиден турат.

Расмий ишсапардын алкагында ригалык делегация “Жашылчарба” муниципалдык ишканасынын иши менен таанышып, шаарды жашылдандыруу үчүн кеңири ассортиментте бактар жана бадалдар өстүрүлүүчү питомникте болду.

Аянты 28 ганы түзгөн питомникте ар түрдүү тукумдагы бактардын көчөттөрү: клен, эмен, мажүрүм тал, платан, четин, ийне жалбырактуу жана башка көчөттөрдүн 49 түрү отругузулат. “Жашылчарба” муниципалдык ишканасынын адистери айтып беришкендей, питомникте ачык жана жабык тамырлуу, стандарттуу жана ири көчөттөр өстүрүлөт.

Ригалык тарап өз кезегинде “Жашылчарба” МИсинин жетекчилигин “Ригалык бактар жана сейилбактар” МИсине барып, анын ишмердүүлүгү менен таанышууга чакырды.