Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров, орун басары Русланбек Жакышов жана депутат Бактыбек Абдиев менен биргелешип борбор калаанын Биринчи май районунун “Кудайберген” авторыногунун аймагында жашаган тургундар менен жолугушту.

Ден Сяопин проспектинен Профсоюзная көчөсүнө чейинки Патрис Лумумба көчөсүндө  46 чарба  жүргүзүүчү субъект бар, алардын көбү техникалык тейлөө станциялар.

Жыйынтыгында,  ТТСларда ремонттолуучу бардык автомашиналар коомдук тротуарларда жана жол жээктеринде токтошуп, транспорттук кыймылды кыйындатып жатат жана тыгындар пайда болууда. Ал эми тургандар жол менен басып жатышат.

Бишкек шаардык кеңештин жетекчилигинин баруусунун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясына жана борбордук муниципалитеттин тийиштүү түзүмдөрүнө токтотулган машиналардан  тротуарлардын жана жолдун жүгүн азайтуу  маселелерин кароону тапшырды. Жол-транспорт окуяларын болтурбоо үчүн №83 орто мектептин жанына жөө адамдар өтүүчү жол белгилерин жана ылдамдыкты чектөөлөрдү орнотууну тапшырды.