Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров кезектеги жарандарды кабыл алуусун өткөрдү.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Русланбек Жакышов дагы катышты. Жеке кабыл алуу учурунда муниципалдык жайды турак-жай ээлеринин шериктештигине өткөрүп берүү мүмкүндүгү, материалдык жардам көрсөтүү, антисанитардык абал, Патрис Лумумбы көчөсүндөгү жол коопсуздугу жөнүндөгү жана башка маселелер каралды. Кабыл алуунун жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңештин төрагасы “Кудайберген” базарынын айланасындагы абал менен жеринен таанышып талдоо чечимин кабыл алды.