Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Борбордун Биринчи май районунун тургундарынын кайрылуусу боюнча Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров жана спикердин орун басары Русланбек Жакышов шаар кызматтары менен бирдикте Ю. Фучик жана Профсоюздук көчөлөрдүн кесилишинде жол кыймылын уюштуруу жана жолчырак орнотуу маселелери менен жеринен барып таанышышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында аталган кайчы жолдо транспорттук агымды женилдетүү жана жол тыгындарын кыскартуу үчүн жолчырак орнотуу зарылдыгы жөнүндө чечим кабыл алынды.

Жолчырак объектисин үстүдөгү жыл аягына чыкканга чейин орнотуу пландалууда.