Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн 2018-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 23-июлундагы №150 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэрин шайлоону дайындоо жөнүндө” токтомуна ылайык Бишкек шаардык кеңештин кезексиз 18-сессиясы болду.

Сессияга шаардык кеңештин 44 депутаты катышты.

Бишкек шаардык кеңештин көпчүлүк коалициясы тарабынан Бишкек шаарынын мэри кызматына Азиз Суракматовдун талапкерлиги көрсөтүлгөн.

Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык шайлоо жашыруун добуш берүү жолу менен өттү. Жыйынтыгында, Азиз Суракматовдун талапкерлигин үчүн 44 депутаттан 43ү – “макул”, 1и- “каршы” добуш беришти.

Өз кезегинде, Азиз Суракматов депутаттык корпуска талапкерлигин колдоп,  ишеним көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бишкек шаардык кеңеш менен бирге башталган иштерди улантаарын, бардык жоопкерчиликти сезээрин жана ишенимди актоо үчүн бардык күч-кубатын жумшаарын билдирди.