Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин кезексиз сессиясынын жүрүшүндө депутаттык корпус тарабынан каникулдан баш тартуу чечими бир добуштан колдоого ээ болду.

Шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев төмөндөгүлөрдү белгилели: “Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана шаар чарбасы кайсы багытта жылуусу керектиги жөнүндө бизде көз карашыбыз бар,  ал – ар  бир шаар тургуну үчүн сапаттуу жашоону камсыздаган жайлуу шаар куруу багыты.

Биринчи кезекте биз шаардыктар үчүн жана бийликти шаардыктарга жакындаштыруу багытында иштешибиз керек жана жергиликтүү проблемаларды бирдикте чечишибиз зарыл.

Муниципалдык кызматтардын жана мэриянын өзүнүн иши штаттык режимде жүргүзүлөт. Бишкек шаардык кеңеш тарабынан контроль жүргүзүлмөкчү, себеби, шаардык чарбанын иши – ишинин токтотулуусуна жол берилбечү тирүү организм”-деди төрага.