Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн, 13-июлда, Бишкек шаарында түзүлгөн абал боюнча шаардык кеңештин фракция лидерлеринин кайрылуу жасагандыгына байланыштуу Бишкек шаардык кеңештин кезексиз сессиясы өттү.

“Аткаруу бийлиги жергиликтүү маанидеги маанилүү маселелерди чечүүдөн дээрлик оолактады, аны менен, кылмыш иштердин козголушу жана Бишкек шаарынын мэри тарабынан жетишсиз контролдоо системалык кризисти жана борбордук муниципалитеттин түзүмдүк бөлүктөрүнүн ишинин токтотулуусун пайда кылды, ал өз кезегинде Бишкек шаарынын турмуш-тиричилик маселелерин сапаттуу жана өз убагында чечүүгө таасир этүүдө”-деп айтылат кайрылууда.

Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңештин депутаттары борбор калаанын мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүүнү сунушташты. Бул чечим депутаттык корпус тарабынан колдоого алынды.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында борбор калаанын мэри Албек Ибраимовго ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө маселе бир добуштан колдонду. Бишкек шаарынын муниципалитетинин башчысынын отставкасы үчүн 40 депутат добуш берди.

Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдары жана Бишкек шаардык кеңештин регламентине ылайык, Бишкек шаардык кеңештин Бишкек шаарынын мэрине ишенбөөчүлүк көрсөтүү жөнүндө токтому өлкөнүн Премьер-министрине жиберилди.