Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бишкек шаардык кеңештин ар бир саясий фракциясынан депутаттар тобу тиричилик таштандыларды кайра иштетүү процесси менен  көрүп таанышуу максатында Рига шаарына жумушчу сапар менен келди.

Бишкек шаардык кеңештин депутаттары: Валентина Лисниченко, Коргонбай уулу Жусупбек, Асылбек Акылбеков, Жанарбек Алымов, Таалайбек Сурапбаев Рига думасынын иши жана түзүмү менен таанышты. Рига думасынын төрагасынын орун басары Андрис Америкс Кыргызстандан келген делегацияны Спорттук квартал менен тааныштырды.

Спорттук кварталдын аймагы төрт гектарды түзөт, андан 7000 чарчы метр Ригадагы эң чоң балдар аянтчасы үчүн бөлүнгөн. Мындан тышкары, футболдук талаа, узундугу 280 метр болгон  чуркоо жолчосу, баскетболдук аянтча уюштурулган, эки мультифункционалдык спорт аянтча, пляж волейболу үчүн аянтча жана ролик жана велосипед тебүү үчүн жолчолор жасалган.

Велосипед тебүү жана тепкенди үйрөнүү үчүн скейтпартын жана велопартын аймагы  уюштурулган.

Спорттук квартал жалпы шаардык тармакка кошулган көрмө көзөмөлдөө камералар менен жабдылган. Аймак түнкү полициялык  кайгуул маршрутуна киргизилген.