Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн, 28-апрелде “Ак-Кула” ипподромунда Бишкек шаарынын күнүнө карата спорттук ат оюндарынын салтанаттуу ачылышы  өтүүдө.

Майрамдык ишчараны 300 комузчу “Маш ботой” күүсүн ойноп, “Шаттык” бий ансамблинин 300 бийчиси кыргыз бийин бийлеп ачышты.

Куттуктоо сөздөр менен Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев жана Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов чыгып сүйлөштү.

“Кыргыздын улуттук оюндары муундан муунга берилип келе жаткан  илгертен бери бизге чейин жеткен көп кылымдуу тарыхка ээ. Улуттук салттарды, урпактардын мурастарын сактоо - бул өздөрүнүн башатына кайрылуусу, биздин балдарга жана  бүткүл дүйнө жүзүнө көчмө маданияттын бардык байлыгын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү.  Биз маданий мурас түшүнүгүн өнүктүрүүбүз, жаш муунду кыргыз элинин тарыхый эскерүүсүнө тартуубуз керек. Ошондо улуттук оюндардын негизги идеясы, элдерди жана маданиятты жакындатуу идеясы түзүлөт”- дейт спикер Алмаз Кененбаев.

Бүгүн ипподромдо ат чабыш жана көк-бөрү боюнча турнир өтмөкчү.

Көк-бөрү боюнча финалдык оюнда Сары-Өзөндүн “Рассвет” командасы жана Талас областынын “Бакубат Талас” командасы жолугушмакчы. Финалдын башталышы саат 15.00 до.

Спорттук ат оюндарынын байгелик фондун 4 автомашина түздү.