Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, Россиянын, Белорусиянын, Украинанын  дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү, райондордун башчылары, “Союз Чернобыль” Бишкек шаардык коому жана авариянын жоюучулары.

Кыргызстандын Улуттук Гвардиясынын ардактуу каралуунун ротасы катышуучулардын коштоосу менен Өчпөс отко гүлчамгырларды коюшту. Мүнөттүк унчукпоо менен  каза болуп калгандарды эскеришти. Метрономдун акыркы согушу менен гвардиячылар үч катар куралдык жапырт атууну жасашты.

Митинг-реквиемде Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев төмөнкүчө чыгып сүйлөдү: “ 1986-жылдын 26-апрели – бул күн көп жылдар бою кала турган бардык адамзаттын кайгысы, өкүнүүсү.  Анткени бул дата көптөгөн адамдардын өмүрүн алып кеткен, тагдырын бузган, ден соолугун алган эң оор трагедиянын, ХХ кылымдын ири техногендик катастрофасы болгон күн.

Бул авария чындап эле эрктүүлүккө, туруктуулукка жана биримдикке карата сыноо болду. Техногендик катастрофалардын чеги жок. 32 жыл мурун авариянын кесепеттери менен  Советтер Союздун өлкөлөрүнүн элдери, анын ичинде Кыргызстан дагы бирге күрөштү.

Ошондой эле, митинг-реквиемде Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов да чыгып сүйлөдү. Муниципалитеттин башчысы шаардык администрация тарабынан аварияны жоюуда  катышкандарга, жесирлерге жана балдарга социалдык жардам көрсөтүлүп жаткандыгын белгиледи.

Россиянын, Белорусиянын, Украинанын  дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү адам заты үчүн бул эң ири техногендик.