Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаарынын 140 жылдыгын майрамдоонун алкагында 11-класстын окуучуларынын арасында “Мекен-чеги” райондук  спартакиадасы аяктады.

Спартакиадада борбордун Ленин районунун 13 мектеби катышты.Кыргыз Республикасынын  Куралдуу Күчтөрүнүн  кургактагы аскерлеринин 73809 - аскер бөлүгүнүн базасында (Жетиген айылы) мектеп окуучуларынын командалары спорттун аскердик -прикладдык түрү боюнча эң күчтүү команда наамына өз ара меледешти.

Бишкек шаардык кеңештин депутаты - Русланбек Жакышев  өсүп келе жаткан муундун патриоттук, жарандык, рухий-адеп ахлактуу тарбиясын жакшыртуу максатында, бул иш-чара жыл сайын өтүп жаткандыгын жана окуучулардын жеке жана атайын даярдыгынын деңгээлин аныктаарын белгиледи.