Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Ишчаранын максаты – жарандардын жана коомдук уюмдардын курчап турган айлана-чөйрөнүн абалы жөнүндө өз убагында так жана толук маалымат алууга конституциялык укуктарын жана коомчулуктун шааркуруу боюнча чечимдерди кабыл алуу процессине катышуусун  камсыздоо.

Талкууга Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, мэриянын өкүлдөрү, эксперттер жана коомчулук катышты.

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнүн ДПДсы борбор калаанын төрт районунда талкуудан өткөн. Жолугушуулардын жыйынтыгында коомчулуктан жана уюмдардан келип түшкөн сунуш-пикирлерди талдап карап чыгуу боюнча иш аткарылган.

Бул документ Бишкек шаарынын Башкы планында каралган стратегияны деталдаштырат. ДПД – кызыл жана башка шааркуруу линияларын, суу жана каналдарды, калкты маданий жана коммуналдык-турмуш тиричилик жактан тейлөөнү регламенттеген ченемдик-техникалык документ болуп эсептелет.

Иштелип чыккан ДПДда борбор калаанын 2025-жылга чейинки Башкы планынын стратегиялык чечимдерин улантуучулук сакталган.

Талкуунун жыйынтыгында ДПД катышуучулар тарабынан айтылган сунуш, сын жана башка пикирлерди эске алуу менен толукталып иштелип чыгууга жөнөтүлдү.