Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында муниципалдык мыкты тажрыйбалардын V Эл аралык Форуму өтүп жатат.

Ишчарага дүйнөнүн 150 шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкарууларынан жана муниципалитеттеринен өкүлдөр катышууда.

Форумдун негизги максаты – жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын маселелерин чечүүдөгү шаарлардын эң ийгиликтүү башкаруу тажрыйбаларын көрсөтүү, ошондой эле муниципалитеттер аралык эл аралык деңгээлде шаарларды жакшы жагынан көрсөтүү.

Форумга чет өлкөнүн шаарларынын муниципалитеттеринин биринчи адамдары катышып жатышат, алар шаар башкаруу жаатында топтогон алдыңкы тажрыйбалары менен тааныштырышмакчы. Форум Кыргызстан, Россия, Финляндия, Түркмөнстан, Казахстан, Молдова, Өзбекстан, АКШ, Түштүк Корея, Албания, Кытай, Армения жана башка мамлекеттердин өкүлдөрүн бир аянтчада бириктире алды.

Форумду Бишкек шаарынын башчысы Албек Ибраимов ачты. Ал өз сөзүндө аталган ишчаранын маанисин белгиледи. “Эл аралык муниципалдык коомдоштуктун чоң кызыгуусу бул ишчарага өзгөчө статус берет. Форум өткөрүү биз үчүн сыймыктуу жана маанилүү. Форумдун программасы абдан кызыктуу презентацияларга бай болмокчу. Муниципалдык тажрыйбалардын интерактивдүү картасы биринчи жолу көрсөтүлөт,”-деди мэр.

Россиянын шаарлар Союзунун президенти,  Челябинск шаардык Думасынын төрагасы Станислав Мошаров төмөндөгүнү белгиледи: “Форум – анын катышуучулары үчүн конструктивдүү талкуудагы жана жемиштүү дискуссиялардагы эң орчундуу жана курч маселелерди алып чыгуу, биздин шаарларда топтолгон тажрыйба менен бөлүшүү жана алмашуу мүмкүндүгү. Бул тажрыйба баамдап көрүү жана ката кетирүү жолу менен топтолгондуктан, баа жеткис болуп эсептелет”.

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев, Форум - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ролун жана ордун өнүктүрүүгө багытталган уникалдуу аянтча болуп эсептелээрин айтты.

“Эл аралык форум – эң мыкты идеялар жана инновациялык иштеп чыгуулар ишке аша турган бүгүнкү күндөн эртеңки күнгө жетелеген көпүрө. Бул көпүрө менен биз интеграциялык процесстерди жана көп векторлуу өнөктүктү өнүктүрүү менен чогуу кадам таштайбыз” – деди төрага.

Форумдун жүрүшүндө муниципалдык мыкты тажрыйбалардын Кубогун Бишкекке тапшыруу, бир катар макулдашууга, анын ичинде  Бишкек шаардык кеңеш жана Грозный шаардык Думасынын ортосунда кызматташуу тууралуу Протоколго кол коюлду.