Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

«Шаардык токой-бак» долбоорунун презентациясы токой-багын уюштуруу сунушу менен тааныштыруу жана экология, сугат, жашылдандыруу чөйрөсүндөгү адистердин  ой-пикирлерин билүү, шаардыктардын жашоо тиричилигинин чөйрөсүн инфраструктура менен камсыздоо үчүн уюштурулган. Презентацияга эксперттик коомдоштук, кызыктар ведомстволордун өкүлдөрү, Бишкек шаардык кеңештин спикери жана депутаттары, борбор калаа мэри катышты.

Жолугушууну мэр Албек Ибраимов ачты. Бул долбоор иштеп чыгуу баскычында экендигин жана маселе актуалдуу жана бир күндүк эместигин белгиледи.«Шаардык токой-бак» долбоорунун максаты – Бишкек шаарынын экологиялык абалын жашыл аймактарды кеңейтүү, аймактардын санитардык-гигиеналык шарттарын оңдоо жолу менен жакшыртуу, айлана-чөйрөнү, алар жашаган жерди сактоо үчүн  өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууда шаардык коомдоштуктарды мотивациялоо.

Бул максатка жетүү үчүн ресурстарды сактоо, калыбына келтирүү, туруктуу жана натыйжалуу пайдаланууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө жана токой-бакты көрктөндүрүүгө багытталган комплекстүү узак мөөнөттүү стратегия керек.

Өз кезегинде Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Алмаз Кененбаев, шаардык токой-бакты уюштуруу – бул масштабдуу жана борбор калаа үчүн эң керек долбоор экендигин белгилеп өттү. “Бул долбоорду ишке ашыруу шаардагы жана анын айланасындагы аймактын экологиялык абалын жакшыртууга шарт түзөт. Бул – мэр демилгелеген абдан жакшы башталыштардын бири,”-деди спикер.