Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев КТРКнын башкы директорунун орун басары Кайрат Иманалиев жана Казахстан Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, драма жана кино актеру Адиль Ахметов менен жолугушту.

Адиль Ахметов театр жана кинодо 15 тен ашуун ролду ойногон белгилүү жаш актер. Атактуулукту жана популярдуулукту ага Н. Гоголдун “Ревизор” комедиясындагы, Ч. Айтматовдун “Чыңгысхан”, У. Шекспирдин “Кежирди жоошутуудагы” ролдору алып келди. Ал көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө Казахстанда гана эмес, андан тышкары жерлерде дагы ээ болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бишкек шаардык кеңештин спикери биздин өлкөлөрдүн ортосундагы маданий диалогдун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

“Бизди көп кырдуу маданий мамилелер байланыштырып турат. Маданий алакаларды активдештирүү – достук мамилелерди чыңдоого көмөк көрсөтөт,”-деди Алмаз Кененбаев.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Эмил Сыдыков катышты.