Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев Кыргызстандын жергиликтүү жамааттар бирлигинин директору Өмүрбек Алманбетовду кабыл алды.

Мейман Жергиликтүү жамааттар бирлигинин түзүлүшү жана келечек пландары жөнүндө айтып берди.

Шаар парламентинин башчысы өз кезегинде муниципалитетер жана Кыргызстандын жергиликтүү кеңештери менен болгон кызматташуунун приоритеттерин белгиледи.

“Биз биргелешип иштеп, Бишкек шаардык кеңеш Бирликтин башкармалыгынын мүчөсү болгондуктан, Жергиликтүү жамааттар бирлигинин алкагында 31 жергиликтүү кеңеш менен активдүү кызматташууга даярбыз,”-деди Алмаз Кененбаев.

Жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Гульнара Молдобаева катышты.