Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

“Ала-Тоо” эл аралык университетинде ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдардын  катышуусу менен өткөн Кыргызстандын  шахмат боюнча балдар чемпионатынын салтанаттуу жабылуу аземи болуп өттү.

Ишчарага 2013-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын шахмат федерациясынын вице-президенти болуп келе жаткан Бишкек шаардык кеңештин спикери Алмаз Кененбаев катышты.

Катышуучуларга кайрылуу менен шаардык парламенттин башчысы сүйлөдү. “Бишкек шахмат таймашынын борбору болуп жатат. Республикабыздын ар тарабынан келген 500гө жакын улан-кыздар Кыргызстандын чемпиону наамы үчүн күч сынашышты.

Бүгүн кыргыз шахмат спортунун тарыхында жаңы ысымдар пайда болот. Мындай турнирлер келечек чемпиондорду тарбиялоо үчүн негиз болооруна ишенем, себеби бул турнирдин жеңүүчүлөрү Кыргызстанды дүйнө аренасында көрсөтүүгө мүмкүндүк алышмакчы. Ой жүгүртүүчү адам – келечектин адамы” – деди Алмаз Кененбаев.

Чемпион наамы үчүн 6 жаштан 18 жашка чейинки 500 дөн ашуун бала күч сынашты. Турнир 9 турлуу швейцар системасы боюнча ФИДЕ эрежелерине ылайык өткөрүлдү.