Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга республикалык бюджети жана  2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Социалдык Фондунун 2018-жылга бюджети жана  2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Милдеттүү медициналык камсыздоо фондунун 2018-жылга бюджети жана  2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угуулар болуп өттү.

Парламенттик угууларга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин депутаттары, республиканын министрлер кабинети, Бишкек шаардык кеңештин депутаттары, Кыргызстандын төрт шаарынын мэрлери, көз карандысыз эксперттер жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Угуулардын катышуучуларына алгач Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Таабалды Тилаев жана Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Толкунбек Абдыгулов саламдашуу менен кайрылышты.

Чыгып сүйлөгөндөр долбоорлор Кыргыз Республикасынын 2018-жылга бюджеттик резолюциясын жана  2019-2020-жылдарга болжолдун негизги программаларын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Ишеним жана биримдик”, “Жаңы доорго кырк кадам” программаларынын артыкчылыктуу багыттарын эске алуу менен иштелип чыккандыгын белгилешти. Бюджеттин долбоорунун эсеп-кысабынын негизине Кыргыз Республикасынын салык саясатынын негизги параметрлери алынган.

Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков катышуучуларга негизги бюджеттик параметрлерди алып чыгып, Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга  социалдык-экономикалык өнүгүү болжолу жөнүндө маалымат берди.