Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелер, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын отуруму болуп өттү.

Комиссиянын мүчөлөрү күн тартибиндеги 7 маселени карады. Негизинен  жер өз ара мамилелер, техникалык шарттарды берүү жана курулуш объекттерди кошуу тартиби жана шарттары, долбоорлонуп жаткан суу түтүк тармактарына  карата кайра пландоо жана борбордун Түштүк зонасындагы канализация, шаардын аймагындагы муниципалдык мүлктү толук инвентаризациялоо жүргүзүү жаатындагы Бишкек шаардык кеңештин токтомдорунун аткарылышы, спорттук курулмаларды куруу үчүн жер участокторду резервдөө, мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн муниципалитет менен инфраструктуралык объекттерди чечүү, тазалоо боюнча маселелер жана Октябрь жана Биринчи май райондорунда КДТны куруу боюнча маселелер болду.

Коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана куруу жөнүндө маселе боюнча бул тармакты тейлеген вице-мэр Эркинбек Исаков депутаттарга шаардын коллектордук-дренаждык тармагы булгангандыгын,  бул максатта кысталган шарттарда  жабык коллектордук-дренаждык тармактарды үйлөп тазалоо үчүн гидродинамикалуу машина сатылып алынгандыгын, бул агрегаттын наркы 500 000 сом тураарын, Россияда иштелип чыккандыгын, жаңы агрегатты көрсөтүү ушул жуманын аягында болоорун маалымдады.

Депутат Бактыбек Абдиев 2018-жылы Махатма Ганди-Тоголок Молдо-Жибек Жолу - Садаев көчөлөрүнүн участогунда канализациянын курулушу пландалып жаткандыгын айтуу менен, ушуга байланыштуу ушул участоктогу