Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Дүйнө жүзүндөгү бардык мусулмандар үчүн руханий тазалыктын, берилгендиктин жана кечиримдүүлүктүн ыйык майрамы болгон Курман айт менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бул майрамда ички тазалыкты жана бекем ишенимди сактаган терең руханий маани жатат.

Мээримдүүлүктүн майрамы адамдарды ынтымак-ырашкерликке үндөп, айкөлдүккө, колунда жокко жардам берүүгө, соопчулук иштерин жасоого чакырат.

Кылымдар бою жашап келаткан бул майрам ата-бабаларыбыздан калган бай руханий мурастын өзөгүн түзүп, калкыбызды биримдүүлүккө, тынчтыкта жашоого тарбиялап келет. 

Урматтуу мекендештер! Сиздерди чын жүрөгүмдөн Курман айт майрамы менен куттуктайм!

Бул ыйык күнү ар бир үй берекеге жана кубанычка толуп,  аруу тилектер орундалсын, жүрөгүңүздөргө ыйман орноп, тилектериңиздерди Жараткан кабыл кылсын!

Майрамыңыздар менен!