Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Бишкек шаардык кеңеш Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата Бишкек шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өз салымын кошкон бир катар жаранга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сыйлыктарын тапшырды.

Бүгүн, 30-августта сыйлоо аземин Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев өткөрдү.

Бишкек шаардык кеңештин ыраазычылык каты жана Ардак грамотасы менен медицина, билим берүү, экономика жана башка тармактарда иштеген  29 жаран жана күмүш белги менен 3 жаран сыйланды.

Сыйлыкка татыгандардын эң жашы – шайырлар жана тапкычтардын мектеп лигасынын чемпиону, таланттуу жаш актер, №6 гимназиянын 11-классынын окуучусу Азамат Уланов болду.

Сыйлык тапшыруу салтанатынын жүрүшүндө БШКнын төрагасы Канатбек Музуралиев 26 жыл эгемендик жылдар ичинде мамлекет көп нерсеге жетише алганын, анын ичинде сыйлык алгандардын ар биринин салымы бар экендигин белгилеп өттү.