Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

         Бүгүн “Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды тескөө тутумун жакшыртуу” темасында тегерек стол болду.

         Тегерек столдун ишине Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Канатбек Музуралиев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко, Бишкек шаардык кеңештин турак жай коммуналдык чарба жана отун энергетикалык комплекси боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жумабек Салымбеков, Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Адиса Имангазиева, Бишкек шаардык кеңештин депутаты Мийзамидин Калыков, борбордук муниципалитеттин жана анын түзүмдүк бөлүмчөлөрүнүн өкүлдөрү жана ӨРЕБ долбоорун ишке ашыруу тобунун жетекчиси Альмира Гинятуллина катышты.

         Бишкек шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Валентина Лисниченко жана ӨРЕБ долбоорун ишке ашыруу тобунун жетекчиси Альмира Гинятуллина катуу тиричилик таштандыларды тескөө тутумун жакшыртуу боюнча  Румыниянын тажрыйбасын,  катуу тиричилик таштандыларды утилизациялоо көйгөйлөрү жөнүндө, таштандыларды өзүнчө чогултууну жайылтуу жөнүндө, КТТны чогултуу жана ташып чыгаруу боюнча тарифтик саясат жөнүндө айтып беришти.

         Мындан тышкары, тегерек столдун катышуучулары Бишкек шаарында катуу тиричилик таштандыларды тескөө тутумун жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу менен байланышкан маселелерди жана көйгөйлөрдү талкуулашты.