Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

БШКнын токтомдору

Токтомдордун долбоорлору

Бүгүн Бишкек шаардык кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы кезектеги жолу Бишкек шаардык кеңештин “Депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин 2008-жылдын 27- ноябрындагы № 20 токтому менен бекитилген “Бишкек шаарында көп квартиралуу турак үйлөрдү үлүштүк куруунун (түзүүнүн) тартиби жана шарттары жөнүндө” Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтом долбоорун карап чыкты. Аталган жобо Бишкек шаарынын аймагында иш жүргүзгөн муниципалдык кызматчылар тарабынан турак жайды жеңилдетилген шартта алуу маселесин жөнгө салат.

Талкуудан соң комиссия мүчөлөрү токтом долбоорун жактырышып, өз сын-пикирлери жана сунуштарын эске алуу менен кезектеги сессияга киргизүү чечимин кабыл алышты.

Борбордун билим берүү мекемелеринин инженердик тармактарын экплуатация жүргүзүүчү уюмдардын балансына берүү маселеси БШКнын  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын контролдунда ушул жылдын март айынан бери турат.

Аталган проблема бардык инженердик инфраструктура тиешелүү түрдө  юридикалык жактан жол-жоболоштурулбагандыгына байланыштуу болгон. Ушул мезгилге чейин мектептер менен бала бакчалар электр кабелдери үзүлүп, канализация толуп калганда же жылуулук берүү тутумунда үзгүлтүк болгон учурда ремонтту өз эсебинен жасоого мажбур болушчу. 

Жыйынтыгында туруктуу комиссия инженердик тармактарды тейлөөчү компаниялардын балансына берүүнү аткаруунун мөөнөтүн аныктады.