Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун 2017-жылдын 2-ноябрындагы №09-7765 катын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 6-статьясына ылайык, кыймылсыз мүлк объекттерин натыйжалуу пайдалануу, ошондой эле шаардыктарды социалдык-маданий объекттер менен камсыз кылуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

1. «Манас айылы» маданий-этнографиялык комплексин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы белгиленген тартипте муниципалдык мүлк объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы кабыл алынып жаткан объектти капиталдык оңдоого жана анын иштешине карата 2019-2020-жылдардын бюджетинде каражат  карасын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын  вице-мэри  Б.О.Дюшембиевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Приложения (docx, 33 Кб)