Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2018-ж. «___» _________
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамына, Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна ылайык, Бишкек шаарында жеке жана юридикалык жактарга муниципалдык кызматтарды көрсөтүү тутумун оптималдаштыруу, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бекитилсин:
- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги 1-тиркемеге ылайык;
- Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын стандарттары 2-тиркемеге ылайык.
- Бишкек шаарынын мэриясы:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин жетекчиликке алсын;
- түзүмдүк бөлүмдөргө жана ведомстволук мекемелерге Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегине жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 14-январындагы №6 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын базалык реестрине киргизилбеген, акы төлөнүүчү муниципалдык кызматтарды көрсөтүүгө жол бербесин;
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын жетекчиликке алсын жана сактасын;
- Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарын Бишкек шаарынын мэриясынын сайтына жана маалыматтык такталарга жайгаштырсын;
- Бишкек шаардык кеңештин кезектеги сессиясынын кароосуна Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү, акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтерди (бааларды) киргизсин.
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы түшкөн каражаттарды эсепке алуу үчүн казыналыкта атайын эсеп ачсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына (А.А. Акылбеков) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине (А.К. Бакетаев) жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңештин Төрагасы Ж. Абиров
Приложения:
Акысыз негизде муниципалдык кызматтарды көрсөтүү үчүн зарыл болгон жалпы бюджеттик чыгымдар