Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
«___»________________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

«Бишкек шаарынын аймагында жер участокторуна укуктарды берүү маселелерин жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө»

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 18-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү менен байланышкан ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзүү жана оптималдаштыруу жана администрациялык-уюштуруучулук процесстерди жакшыртуу, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын өз убагында кароону камсыз кылуу, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ϴз алдынча бирдикке жана кийин тоорукка коюуга, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн бөлүнүүгө тийиш болгон жаңы жер участокторун берүүгө Бишкек шаарынын аймагында эки жылдык мораторий киргизилсин.

         2. Мораторий төмөндөгү жер участокторун берүүгө жайылтылбайт деп белгиленсин:

         а) ушул токтом кабыл алынганга чейин түшкөн арыздар боюнча;

         б) мамлекеттик жана муниципалдык жер пайдалануучуларга;

         в) мамлекеттик үлүш катышындагы чарбалык коомдорго, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн;

         г) чарбалык коомдорго газ, энергия, суу жана жылуулук менен жабдуу объектери үчүн.

         3. Бишкек шаарынын мэриясы:

         - ушул токтомдун 2-пунктунун б, в, г абзацтарына ылайык түшкөн арыздардан тышкары, өз алдынча бирдикке жана кийин тоорукка коюуга, ошондой эле жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн бөлүнүүгө тийиш болгон жаңы жер участокторун берүүгө арыздарды кабыл алууну токтотсун;

         - ушул токтом кабыл алынганга чейин түшкөн арыздар боюнча материалдарды даярдоону аяктасын жана Бишкек шаарында жер участокторуна укуктарды берүү боюнча комиссиянын кароосуна чечим кабыл алуу үчүн киргизсин;

         - Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна укуктарды берүү маселесин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга талдоо жүргүзсүн, ачык-айкын жана түшүнүктүү процесстерди түзүү максатында башкаруу тутумун кайра карап чыксын жана сунуш киргизсин;

         - мэриянын ыйгарым укуктуу түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу боюнча талдоо жүргүзсүн жана тийиштүү чараларды кабыл алсын;

         - жер ижарасы боюнча болгон дебитордук карыздарды кыскартуу боюнча чараларды белгиленген тартипте кабыл алсын.

         4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

         5.Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К.К. Конгантиев) жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б.О. Дюшембиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Приложение (pdf, 111 Кб)