Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор
                                                                                               Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                                                «____» __________________

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө

         Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиясынын жыйынынын 2018-жылдын 1-февралындагы №1 протоколун жана 2016-жылдын 26-майындагы №1 протоколун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

        ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.      Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөргө аталыштар ыйгарылсын:

         - Биринчи май району: «Ак-Босого», «Аска-Таш», «Керемет» конуштарында, Мессароша – Профсоюзная көчөлөрүнүн, “Достук”, Профсоюзная – Патрис Лумумба көчөлөрүнүн, Боталиев – Щербаков көчөлөрүнүн, Ю.Фучик – С.Лазо көчөлөрүнүн  чектеринде. 1, 2, 3, 4, 5, 6- тиркемелерге ылайык;

- Свердлов району: Дачная – Фере көчөлөрүнүн, К.Көлбаев – Ч.Валиханов көчөлөрүнүн, Древесная – Осмонкул көчөлөрүнүн – Аламүдүн суусунун, “Кайыңды” конушунда (Кара-Жыгач токою), Новосельская – Керамическая, “Дордой-2” көчөлөрүнүн, “Кайыңды” (Дачная) конушунда “Ак-Тилек 2” көчөсүнүн чектеринде. 7, 8, 9, 10, 11, 12, 13, 14-тиркемелерге ылайык;

- Октябрь району: Ала-Арча суусунун (Малдыбаев көчөсү) жээгиндеги чектерде. 15-тиркемеге ылайык;

- Ленин району: Кривоносов – Айни көчөлөрүнүн, Муромская – Айни көчөлөрүнүн, “Ак-Өргө” конушунда Ашар көчөсүнүн чектеринде, “Арча-Бешик” кичирайонунда №35 чектеринде. 16, 17, 18-тиркемелерге ылайык;

-Түштүк-чыгыш пландаштырылган районунда А.Токомбаев проспектисинен Ч. Айтматов проспектисине чейин Арстанбек Дуйшеевдин аты, 19-тиркемеге ылайык;

- 5-кичирайондогу аты жок көчөгө Александр Железновдун аты, 20-тиркемеге ылайык;

- Ч. Айтматов проспектисинен “Аэрофлот” агенттигинин имаратына чейинки аллеяга “Кыргызстандын авиациясына даңк аллеясы”, 21-тиркемеге ылайык.

2.      Бишкек шаарынын мэриясы көчөлөрдү атоого байланышкан иштерди жүргүзүүгө Бишкек шаарынын бюджетинен финансылык каражаттарды карасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аншлагдарды орнотууну жүргүзсүн.

3.      Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы (Б. Ж. Берикбаев), “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы (А. Т. Тулебердиев) эсепке алуу жана инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.                                                                                  

4.      Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.      Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына (К. К. Конгантиев)  жана Бишкек шаарынын вице-мэрине (Б. Дюшембиев) жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

Приложение (151 Кб)

1 (pdf, 1.5 Мб)  2 (pdf, 1.35 Мб)  3 (pdf, 1.34 Мб)  4 (pdf, 1.35 Мб)  5 (pdf, 1.35 Мб) 

6 (pdf, 1.33 Мб)  7 (pdf, 1.33 Мб)  8 (pdf, 1.33 Мб)  9 (pdf, 1.33 Мб)  10 (pdf, 1.34 Мб) 

11 (pdf, 1.35 Мб)  12 (pdf, 1.34 Мб)  13 (pdf, 1.33 Мб)  14 (pdf, 1.34 Мб)  15 (pdf, 2.76 Мб) 

16 (pdf, 1.34 Мб)  17 (pdf, 1.37 Мб)  18 (pdf, 1.37 Мб)  19 (pdf, 1.34 Мб)  20 (pdf, 1.33 Мб)  21 (pdf, 1.34 Мб)