Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

ДОЛБООР

 

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

“Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо” жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамдарынын, Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы №288 токтому менен бекитилген “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарды берүү тартиби жана шарттары жөнүндө" жобосунун негизинде жана  борбор шаардын эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу зарылчылыгы менен шартталган, жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу боюнча ишти тартипке келтирүү, ошондой эле Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жерлеринен жеке жана юридикалык жактарга жер участокторуна ижара укуктарын мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүү  максатында,       Бишкек шаардык кеңеш

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Төмөндөгүлөргө үч жылдык мораторийжарыялансын:

 

- муниципалдык менчик объекттеринен жана бир тарабынан  тегиздиги 5 чарчы метрден ашпаган  жана габарити 1200х1200х3000 мм ашпаган чакан форматтуу  жарнак конструкцияларынан, банк үкөкчөлөрүнөн (банкоматтар), оюн батуттарынан, өз алдынча орнотулган электр генераторлордон жана аялдама комплекстеринен тышкары жеңилдетилген типтеги объекттерди (чатырларды, лотокторду, павильондорду, күркөлөрдү, бастырмаларды, сатураторлорду, коомдук тамактануу түйүндөрүн, техникалык тейлөө станциясын, дөңгөлөк желимдөө пункттарын, автожуучу пункттарын, уюлдук байланыш мунараларын (бийик секилерин)) орнотуу үчүн жер участокторун мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугун берүүгө.

 

2. Бишкек шаарынын төмөнкү проспекттеринин, бульварларынын жана көчөлөрүнүн жээктеринде жогоруда көрсөтүлгөн объекттер үчүн муниципалдык менчик жерлерин берүүгө ушул мораторийдин күчү таркатыла тургандыгы белгиленсин:

 

- Манас проспекти, Ч. Айтматов проспекти,

- Чүй проспекти,

- Дэн Сяопин проспекти (Садыгалиев көчөсүнө чейин),

- Павлов көчөсү (Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин),

- Жибек Жолу проспекти,

- Байтик Баатыр көчөсү, Ю.Абдрахманов көчөсү, А.Элебесов көчөсү (кичи Чүй каналына чейин),

- М.Горький көчөсү,

- Л.Толстой көчөсү,

- Медеров көчөсү (Ч.Айтматов проспектисинен Б.Юнусалиев көчөсүнө чейин),

- И.Ахунбаев көчөсү (Шабдан Баатыр көчөсүнөн Д.Садырбаев көчөсүнө чейин),

- Б.Юнусалиев көчөсү,

- Шабдан Баатыр көчөсү (И.Ахунбаев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин),

- Курманжан Датка көчөсү,

- Жаш Гвардия бульвары,

- С.Ибраимов көчөсү,

- Т.Фрунзе көчөсү,

- А.Токомбаев көчөсү, А.Масалиев проспекти,

- С.Каралаев көчөсү,

- Сухэ-Батор көчөсү,

- Киев көчөсү,

- Логвиненко көчөсү (Л.Толстой көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин),

- Панфилов көчөсү (темир жолдон Жибек Жолу проспектине чейин),

- Орозбеков көчөсү (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин),

- Т.Молдо көчөсү (Москва көчөсүнөн чоң Чүй каналына чейин),

- Токтогул көчөсү,

- Москва көчөсү,

- Ж.Бөкөнбаев көчөсү,

- Эркиндик бульвары (Түгөлбай ата көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин),

- Ж.Турусбеков көчөсү (Чуйков көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин),

- Тыналиев көчөсү,

- Лермонтов көчөсү,

- Жукеев-Пудовкин көчөсү,

- Б.Бейшеналиева көчөсү,

- Шопоков көчөсү,

- А.Үсөнбаев көчөсү,

- И.Раззаков көчөсү,

- Н.Исанов көчөсү (темир жолдон Жибек Жолу проспектине чейин),

- К.Тыныстанов көчөсү,

- К. Акиев көчөсү,

- Т.Уметалиев көчөсү,

- Д.Садырбаев көчөсү, (Л.Толстой көчөсүнөн И.Ахунбаев көчөсүнө чейин),

- Ю.Гагарин көчөсү (Ч.Айтматов проспектисинен Т.Фрунзе көчөсүнө чейин),

- Ш.Руставели көчөсү, (И.Ахунбаев көчөсүнөн Ю.Гагарин көчөсүнө чейин),

- Чортеков көчөсү,

- Алыкулов көчөсү,

- Ауэзов көчөсү,

- Анкара көчөсү,

- Сүйөркулов көчөсү,

- Сүймбаев көчөсү (Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин ),

- М.Фрунзе көчөсү (Сүймбаев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин),

- Нуркамал көчөсү,

- Айтиев көчөсү,

- Куттубаев көчөсү,

- «Дордой», «Аламүдүн базары», «Кудайберген» соода-базар комплекстерине жанаша жайгашкан көчөлөргө;

- Орто-Сай жана Ош базарларына жанаша жайгашкан көчөлөргө;

 

- ушул токтомдун 1-пунктунда  көрсөтүлгөн жана белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган азыркы иштеп жаткан жеңилдетилген типтеги объекттерге токтомдун күчү таркалбайт;

 

-ушул токтомдо көрсөтүлбөгөн башка көчөлөрдө ушул токтомдун 1-пунктунда  көрсөтүлгөн объекттерди жайгаштыруу, коюу, долбоорлоо жана куруу үчүн муниципалдык менчик жерлерин берүү жер участокторуна укуктарды белгиленген тартипте берүү боюнча комиссиянын чечими боюнча жүзөгө ашырылат;

 

3. Үч жылдык мораторийдин мөөнөтү ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып аныкталсын.

 

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

5. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

 

6. Ушул токтом жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

 

 

7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар курулуш жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын вице-мэри Б. О. Дюшембиевге жүктөлсүн.

 

 

Бишкек шаардык

кеңештин төрагасы                                                                      К. Музуралиев

 

 

 

 

 

 

 

Макулдашылды:

Вице-мэр                                                                                                             Б. Дюшембиев

 

Аткаруучу:

Жер ресурстар башкармалыгынын

башчысынын м.а.                                                                                                 Р. Макенов

 

МИ “Бишкекбашкыархитектура”

башчысынын м.а.                                                                                            А.Тулебердиев

 

Бишкек шаардык кеңештин «Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө» токтомунун долбооруна

Юридикалык корутунду

         Бишкек шаардык кеңештин «Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө» токтомунун долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү билдиребиз.

         Бул токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 20-статьясынын негизинде жана аны аткаруу үчүн даярдалган.

         Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 20-статьясына ылайык муниципалдык менчик объекттерин башкарууну жана тескөөнү ишке ашыруучу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын түзүмүндө турган аткаруу органынын компетенциясы жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилген жобо менен белгиленет.

         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 2-статьясына ылайык компетенцияга мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын юридикалык жактан белгиленген укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысы кирет.

         Бул токтомдун долбоору тарабынан Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына мүлккө муниципалдык менчик объекттерин башкаруу жана тескөө маселелериндеги анын негизги укуктары жана милдеттери белгиленет жана бекитилет.

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Бишкек шаардык кеңеш тарабынан «Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө» токтомунун долбоорунун кабыл алынуусу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына каршы келбейт.

 

Бишкек шаарынын мэриясынын

жер ресурстар башкармалыгынын

юридикалык бөлүмүнүн начальниги                                  Б. Турдугулов

 

 

Макулдашылды:

 

Юридикалык бөлүмдүн башчысы                                     Г. Кокоева

 

Бишкек шаардык кеңештин «Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө» токтомунун долбооруна

маалым кат – негиздеме

 

         Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы (мындан ары Башкармалык) Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү болуп саналуу менен Бишкек шаарынын муниципалдык жерлерин натыйжалуу башкаруу жана тескөө боюнча иш-аракетти ишке ашырат. Анын ичинен  Бишкек шаардык кеңештин 2011-жылдын 20-декабрындагы № 288 токтому менен бекитилген “Жеңилдетилген типтеги объекттер үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү тартиби жана шарттары жөнүндө” жобосуна (мындан ары текст боюнча – Жобо) ылайык ар кандай багыттагы объекттер үчүн муниципалдык менчикте турган жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча комиссиянын (мындан ары – Комиссия) чечиминин негизинде ижара укуктарын берүү боюнча иштерди жүргүзөт.

         Жобого ылайык жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу жана иштетүү  үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча жол-жобо “Бишкекбашкыархитектура” МИсинин объекттерди жайгаштырууга берилүүчү шаар куруу жана башка ченемдерди сактоо боюнча талаптардын тизмегин алдын-ала кароочу ижарага берилген жер участокторуна архитектура-техникалык корутундусунун даярдыгын алдын-ала кароого алат.

          Башкармалык жана “Бишкекбашкыархитектура” МИси жогоруда көрсөтүлгөн иш-аракеттерди ишке ашыруу процессинде Бишкек шаардык кеңештин 2014-жылдын 13-мартындагы №76 “Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №125 “Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алат. Бүгүнкү күндө акыркы токтом мораторийдин күчү аяктагандыгына байланыштуу күчүн жоготту.

         Ошентип, бул мораторийди таркатуу мезгилинде, тактап айтканда 2009-жылдан баштап 2017-жылга чейин жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу үчүн борбордук көчөлөрдүн, проспектердин жана бульварлардын жээктериндеги муниципалдык жерлерди ижарага берүүгө тыюу салынат. Ошентип, “Бишкекбашкыархитектура” МИ  си мораторий таркатылган көчөлөрдөгү, проспектердеги жана бульварлардагы жер участокторун ижаралоо маселелери боюнча тийиштүү материалдарды даярдоону караган эмес.

          Бишкек шаарындагы муниципалдык жер участокторунда стандарттуу жарнама щиттеринен (тегиздигинин өлчөмү 6х3м., 9х3м.,12х3м  ж.б ,“Т”, “Г”, “Ф”, “П”, “V” – формасындагы) тышкары, көрсөткүчтөр, стеллдер, пилондор, сити-форматтар, флагштоктор түрүндөгү кичи форматтагы жарнама конструкциялары да иштейт. Бул кичи форматтагы конструкциялар жогоруда жазылган себеп боюнча “Бишкекбашкыархитектура” МИси көрсөтүлгөн кичи форматтагы жарнама конструкциялары жайгашкан жана мораторийдин күчү таркатылган жер участокторуна архитектура-техникалык корутундуну даярдабайт.

         Ушуга байланыштуу, Башкармалык Комиссиянын кароосуна бул объекттердин укуктук жобосун аныктоо маселелерин киргизе албайт. Өз кезегинде, бул жарнама объекттеринин укуктук статусун тактоо ижара төлөмдөрүнүн түшүүсүнөн жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө жана мындай түрдөгү жарнама каражаттарын жайгаштырууну тартипке салуу маселесин чечүүгө оң таасирин тийгизмек.

         Ошондой эле, Башкармалыктын дарегине Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында коммерциялык банктарга аларды Бишкек шаарынын борбордук проспектилерине, бульварларына жана көчөлөрүнө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн мораторий жарыялоо жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн жеңилдетилген типтеги объекттерди – банк үкөкчөлөрүн (банкоматтар) тизмектен алып салуу жөнүндө кайрылуулар боюнча суроо-талаптар бир нече жолу келип түшкөн.

         Ошондой эле Башкармалыкка “оюн батуттарын” мезгилдик негизде (жаз, жай) Бишкек шаарынын бульварларынын жээктерине жайгаштыруу үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүү боюнча көп сандагы кайрылуулар жана арыздар келип түшөт.

                Өз кезегинде, Башкармалык Бишкек шаардык кеңештин «Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө» токтомунун долбоорун кароосунда, жеңилдетилген типтеги объекттердин тыюу салынгандардын тизмегинен “оюн батуттарын”  алып салууну жана уруксат берилген объекттердин тизмегине, алар туруктуу эмес жана мезгилдүү иштегендигин эске алып, киргизүүнү жана зарыл болгон учурда бул объекттерди кыска мөөнөттүн ичинде демонтаждоо мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Ошондой эле, коммерциялык же башка чарба иштерин ишке ашыруучу жакын жайгашкан имараттарды жана курулмаларды электрификациялоону ишке ашыруу үчүн муниципалдык жердеги электрдик өзүнчө турган генераторлорду жайгаштыруу учурлары көп болууда. Менчик ээлери бул объекттердин ишмердигин аныктоого жана ижара төлөмдөрүн төлөөгө белгиленген тартипте катышууга даяр.

          Жогоруда баяндалгандарды эске алып, жеке жана юридикалык жактарга кичи форматтагы жарнама конструкциялары үчүн (стелдер, көрсөткүчтөр, флагштоктор, сити-форматтар, пилондор), ошондой эле Кыргыз Республикасында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында, коммерциялык банктарга, финансылык-кредиттик мекемелерге аларды шаар чөйрөсүнө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берүүгө банк үкөкчөлөрүн (бакоматтар) жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынын муниципалдык менчигиндеги жерлерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга жер участокторуна ижара укуктарын берүү жөнүндө маселени чечүү менен жеңилдетилген типтеги объекттерди жайгаштыруу боюнча иш-аракетти тартипке салууну ишке ашыруу зарыл. Мындан тышкары мораторийдин күчү таркатылган көчөлөргө, проспектерге жана бульварларга жайгаштырууга тыюу салынган жеңилдетилген типтеги объекттердин тизмегин тактоо максатында “оюн батуттарын” жана “өзүнчө турган электрдик генераторлорду” жайгаштыруу үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүү маселелери чечүүнү талап кылат.

         Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгы “Бишкекбашкыархитектура” МИси менен биргеликте бул токтомдун долбоорун депутаттардын Бишкек шаардык кеңешинин кароосуна киргизет.

         Бул маселени кароодо баяндамачы катары Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгынын начальнигинин м.а. Р. Макеновду жана “Бишкекбашкыархитектура” МИсинин начальнигинин м.а. А. Т. Тулебердиевди аныктооңузду өтүнөт.

 

 

Вице-мэр                                                                                   Б. Дюшембиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Макулдашылды:

 

Бишкек шаарынын мэриясынын

жер ресурстар башкармалыгынын

начальнигинин м.а.                                                                                    Р. Макенов

 

 

“Бишкекбашкыархитектура” МИсинин начальнигинин м.а.               А. Тулебердиев