Долбоор
Бишкек шаарынын мэриясы
2020-жылдын « 27 » ноябрь
БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө» Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 302 «Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомун аткаруу үчүн Бишкек шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлк башкармалыгы тарабынан көрсөтүлүүчү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер (баалар) тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 3-апрелиндеги № 97 «Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк, аймактык бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин жана алардын стандарттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-тиркеменин 3-пунктунун 17 жана 20-саптары алып салынсын;
- 2-тиркеменин 3-бөлүгүнүн 17 жана 20-пункттары алып салынсын.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын транспорт жана муниципалдык менчик маселелери боюнча вице-мэрине жана Бишкек шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.
Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Ж. Б. Абиров
Тиркемелер: