Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

17-ноябрь 2020 жыл

БИШКЕК ШААРДЫК КЕӉЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 5, 13 жана 58-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 12-беренесине, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри С.Н.Жапаровдун Бишкек шаарынын мэриясына берилген 2020-жылдын 11-ноябрындагы № Ж-2129 тапшырмасын аткаруу үчүн, Бишкек шаардык кеӊеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.   Бишкек шаары, Анкара көчөсү № 20/2 үй, № 112 батир дарегинде жайгашкан идентификациялык коду 1-04-15-0037-0527-03-112 муниципалдык турак жай акысыз негизде менчиктештирүү жолу менен 2020-жылдын 5-6-октябрында Бишкек шаарында болгон массалык баш аламандыктын жүрүшүндө каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин атасы Алтынбек Алимбекович Джуматаевдин менчигине өткөрүп берилсин.

2.   Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн муниципалдык турак жайды белгиленген тартипте акысыз негизде менчикке өткөрүп берүү келишимин түзсүн.

3.   Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеӊештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын муниципалдык менчик жана транспорт маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                    Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат-негиздеме (doc. 16 Кб)

- Юридикалык корутунду (doc. 14 Кб)