Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

 

Долбоор 2020-ж. 29-октябрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 2-февралындагы №19 “Т.Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 31-июлундагы №427-с катын, Бишкек шаарындагы топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2020-жылдын 30-мартындагы жыйынынын №2 протоколун, “Газпром Кыргызстан мектеби” коомдук фонду” коммерциялык эмес уюмунун педагогикалык кеңешинин 2020-жылдын 10-январындагы жыйынынын протоколунан көчүрмөнү эске алып, Бишкек шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Турдакун Усубалиевдин аты Бишкек шаары, Аалы Токомбаев проспектиси, 23/11 дареги боюнча жайгашкан мүлктүк комплекске ыйгарылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, “Бишкекбашкыархитектура” МИси эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Маалымкат-негиздеме (doc. 23Кб)

-юридикалык корутунду (doc. 17Кб)