Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

“15” июнь 2020-ж.

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 66-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө” Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-ноябрындагы №618 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында муниципалдык баалуу кагаздарды чыгаруу, жайгаштыруу, жүгүртүү жана тындыруу тартиби жөнүндө” жобону жетекчиликке алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык баалуу кагаздарынын эмиссиясынын шарттары  тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Бишкек шаарынын мэриясы:

а) Муниципалдык баалуу кагаздарын чыгарууну Кыргыз Республикасынын  мыйзамдарына жана  Муниципалдык баалуу кагаздардын эмиссиясынын шарттарына ылайык  ишке ашырсын;

б)  Муниципалдык баалуу кагаздарды жайгаштыруудан алынган акча каражатты  Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык баалуу кагаздарынын эмиссиясынын шарттарына ылайык  автобустарды сатып алууга карата багыттасын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына (Т.К. Сурапбаев) жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри  А.К. Бакетаевге жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы           Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 16Кб)

- эмиссиялар шарттары (doc. 21Кб)