Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2020-жылдын «08» июнь

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ


Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-октябрындагы № 486 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-июлундагы № 430 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар курулуш башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу” токтомун аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 11-беренесин жетекчиликке алып, Бишкек шаарынын мэриясынын жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин биргелешкен чечимин эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бишкек шаардык кеңештин 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 81 “Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмүн бекитүү жөнүндө” токтомунун тиркемесине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
  • “Түзүмдүк бөлүмдөр” бөлүгүндө “Бишкек шаарынын Саламаттык сактоо башкармалыгы” деген сөздөр “Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык саламаттык сактоо башкармалыгы” деген сөздөргө алмаштырылсын;
  • “Чарба жүргүзүүчү субъекттер” бөлүгүндө “Бишкекбашкыархитектура” МИси” деген сөздөр алып салынсын.
  1. Бишкек шаардык кеңештин 2015-жылдын 30-июнундагы №151 “Бишкек шаарынын архитектура жана шаар куруу башкы башкармалыгы” мамлекеттик ишканасын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Бишкек шаарынын мэриясы:
  • өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
  • ушул токтомдон келип чыккан башка чараларды көрсүн.
  1. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин регламент, укуктук маселелер жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                                            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 16Кб)

- салыштырма таблица (doc. 184Кб)