Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

                     Бишкек шаарынын мэриясы

          2020-жылдын « 01 » июнь  

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 17-январындагы  № 12 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүүнүн тартиби жана курулушу бүткөн эксплуатацияга берилүүчү объекттердин шайкештигин баалоо жөнүндө жобонун  32-пунктун  ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы №129  “Бишкек шаарынын Шааркурулуш кеңеши жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому  күчүн жоготту деп табылсын.

2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы             Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат негиздлеме (doc. 25Кб)

- финансылык корутунду (doc. 21Кб)

- юридикалык корутунду (doc. Кб)