Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор 

Бишкек шаарынын мэриясы

“08” май 2020 ж.

 

                БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамынын 7-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы географиялык объектилерди атоо, алардын аталышын өзгөртүү, географиялык аталыштарды эсепке алуу жана каттоодон өткөрүү тартиби жөнүндө” Жобонун 6-пункту менен Бишкек шаарынын тарыхый жана маданий мурастарын сактоо максатында, чет мамлекеттер менен достук тышкы саясий мамилелерди чыңдоо максатында, ошондой эле Азербайжан Республикасынын элчилигинин кыргыз тарапка жиберген нотасын эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеши                                                                                                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2012-жылдын 14-июнундагы № 324 “Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан сейил бакка Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин ысмын ыйгаруу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“1. Байтик Баатыр көчөсүндө жайгашкан аянты 5,5 га сейил бакка “Кыргызстан – Азербайжан достугу сейил багы” аталышы ыйгарылсын (чийме тиркелет).”.

2. Бишкек шаардык кеңештин 2013-жылдын 2-апрелиндеги № 22 “Бишкек шаарынын географиялык объектилерин кайра атоо маселесин тартипке салуу жөнүндө” токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- 1-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

“1. Бишкек шаардык кеңештин 2008-жылдын 26-декабрындагы № 29 “Ч.Т. Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” токтомунан, Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү мамлекеттик ишмери Иманалы Айдарбековдун атынан Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирин кайра атоодон, Шабдан Баатыр көчөсүн 7-апрель көчөсүнө кайра атоодон, Мухтар Ауэзов көчөсүнөн Курманжан Датка көчөсүнө чейинки Чүй проспектинин бөлүгүн Шабдан Баатыр проспектине кайра атоодон, Байтик Баатыр көчөсү боюнча жайгашкан Азербайжан Республикасынын экс-президенти Гейдар Алиевдин атындагы сейил бакты Кыргызстан – Азербайжан достугу сейил багына кайра атоодон тышкары Бишкек шаарынын проспекттерин, аллеяларын, аянттарын, шаардык сейил бактарды, саябандарды, көчөлөрдү жана туюк көчөлөрдү кайра атоого мораторий он жылга жарыялансын.”.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу “Кадастр” жер ресурстары боюнча Мамлекеттик агенттигинин Мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу, инвентаризациялоо маалыматтарына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

4. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар куруу жана архитектура маселелерин жетектеген Бишкек шаарынын вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                   Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

-маалымкат негиздеме (doc. 41Кб)

- сравнительная таблица (doc. 45Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 28Кб)