Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

2020-ж. 06-май

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесине, 
«Борбордун статусу жөнүндө» мыйзамынын 20-беренесине, «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» 
мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна 
укуктарды берүү менен байланышкан администрациялык-уюштуруу процесстерин талдоо жана оптималдаштыруу, ошондой эле 
Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү максатында Бишкек шаардык 
кеӊеш
                                          ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2009-жылдын 2-декабрындагы № 125 «Ар кандай багыттагы объекттер үчүн жер участокторуна ижара укуктарын берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө» токтомунун 2-пунктунда белгиленгендей, өз алдынча бирдикке бөлүүгө жана кийин аны тоорукка коюуга тийиш болгон жаңы муниципалдык жер участокторун түзүүгө жана берүүгө мораторийди колдонуу бир жылдык мөөнөткө узартылсын.

3. Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 2-апрелиндеги № 95 «Бишкек шаарынын аймагында жер участокторуна укуктарды берүү маселелерин жөнгө салуу боюнча айрым чаралар жөнүндө» токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пунктундагы «, жана 2-пунктунда белгиленген бир жылдык мораторий» деген сөздөр алып салынсын.

4. Бул токтомдун 1-пунктунда белгиленген мораторийдин колдонулушу ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эсептелери аныкталсын.

5. Бул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бишкек шаардык кенештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын жер маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                              Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат негиздеме (doc. 31Кб)

- салыштырма таблица (doc. 26Кб)

- юридикалык корутунду (doc. 26Кб)