Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Шаардык коомчулуктун алдында жарандардын көрүнүктүү эмгектерин баалоо, Бишкек шаарынын пайдасына багытталган ишин сыйлоо, анын  тынчтыгын жана өнүгүүсүн камсыздоо максатында,  “Бишкек шаарынын ардактуу жараны жөнүндө” жобого ылайык, Бишкек шаардык кеңеши 2019-жылы үчүн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштарды кароо боюнча комиссия тарабынан көрсөтүлгөн “Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамын ыйгарууга талапкерлер жөнүндө төмөнкү маалыматты берет.

- Кутанова Анна Алексеевна -  Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, Эмгек ардагери, Ленинград блокадачылары Кыргыз коомунун төрагасы;

- Брейво Вячеслав Георгиевич – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, Эмгек ардагери, Кыргызстан профсоюздар федерациясынын башкы юристи -консультанты;

- Бакиров Шейшенкул Турдумамбетович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген  машыктыруучусу, самбо жана дзюдо боюнча СССРдин спорт чебери, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу теннис, спорттун паралимпиядалык жана күч түрлөрү боюнча ОРБӨАМнын директору;

 - Пирматова Асель Айтбаевна – Бишкек шаардык кеңешинин 3 жолку чакырылышынын депутаты;

 - Кенешов Төлөбай Сейдакматович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу, Н. Исанов атындагы КМКТАУнун “Шаар куруу” кафедрасынын башчысы;

- Сабиров Равшанбек Азатович - “Кыргыз – Фариаб” ЖЧКсынын директору,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин экс-депутаты, Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлигинин экс-министри;

- Орумбаев Медербек Аманович - “Аман инвест строй” ЖЧКсынын генералдык директору.

“Бишкек шаарынын ардактуу жараны” наамына талапкерлер тууралуу өзүңүздөрдүн сунушуңуздарды жана  мүнөздөмөңүздөрдү Бишкек шаары, Чүй проспекти, 166 дареги боюнча Бишкек шаардык кеңешине жөнөтүүнү өтүнөбүз.