Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

20__-жылдын “___”_______

 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”  Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Бишкек шаарынын аймагында тышкы көрктөндүрүү, жолдорду, бак-дарактарды күтүү чөйрөсүндөгү ченемдерди жана талаптарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Бишкек шаардык кеӊеш токтом кылат:

1. Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Депутаттардын Бишкек шаардык кеӊешинин 2009-жылдын 30-июнундагы №77 “Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана  Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине  киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо  Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаардык турак жай-коммуналдык чарба маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы                            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- Эрежелер (doc. 198Кб)

-Маалымкат-негиздеме (doc. 18 Кб)