Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

2020-жылдын «04» февраль

 

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаардык кеңештин 2019-жылдын 19-мартындагы № 93 "Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-пункттагы "8 766 796,3", "4 752 668,9", "1 054 674,1", "983 572,6", "956 500,7", "1 019 380,0" деген цифралар тийиштүү "8 755 680,0", "4 741 552,6", "1 054 674,1", "983 572,6", "956 500,7", "1 019 380,0" деген цифралар менен алмаштырылсын;

2) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелери ушул токтомдун 1, 1-1, 1-2, 1-3-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелери ушул токтомдун 2 жана 2-1-тиркемелерине ылайык редакцияда берилсин;

2. Бюджеттик каражаттар боюнча чыгашалардын негизги топтору, кичи топтору боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына  жана Бишкек шаарынын биринчи вице-мэрине  жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы

 

          Ж.Б. Абиров

Тиркеме:

- Маалымкат-негиздеме (doc. 14Кб)

- Юридикалык корутунду (doc. 13Кб)

- Бишкек шаарынын 2019-жылга бюджети боюнча өзгөртүлгөн көрсөткүчтөр (xlxs.168 Кб)