Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

                                                                              2020-жылдын “13” январь 

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесине ылайык, «Тазалык» муниципалдык ишканасы тарабынан тейленбеген аймактарды жана борбор шаардын конуштарын камтуу менен, шаардык аймакты өз убагында санитардык тазалоону жана катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгарууну камсыздоо максатында, Бишкек шаардык кеңеш токтом кылат:

  1. Катуу тиричилик калдыктарын ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүү үчүн уюмдарды тандап алуу боюнча ачык конкурс өткөрүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине белгиленген тартипте жөнөтүлсүн.
  3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын жетектеген вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме (doc. 22Кб)

- жалпы жобо (doc. 23Кб)