Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

Бишкек шаарынын мэриясы

«___»___________ 2019-ж

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Кыргыз  Республикасынын Юстиция министрлигинин 2019-жылдын 19-декабрындагы № 04-1/52-18597 корутундусун эске алып, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарынын “Маданият” конушунда  жайгашкан “Кыргыз Республикасынын  Коргонуу иштери боюнча  мамлекеттик комитетинин Бишкек  квартиралык-эксплуатациялык бөлүгү” мекемесинин мөөнөтсүз пайдаланууда турган жалпы аянты  82 чарчы метр  болгон жер участогун канализациялык насос станциясын  куруу үчүн муниципалдык менчикке  кабыл алууга Кыргыз Республикасынын белгиленген мыйзам тартибинде макулдук берилсин.

2. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участогун кабыл алуу боюнча белгиленген тартипте чара көрсүн.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура маселелери боюнча вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы            Ж. Б. Абиров

Тиркемелр:

Маалымкат-негиздеме (doc. 23Кб);

Финансылык корутунду (doc. 18Кб);

Юридикалык корутунду (doc. 18Кб);