Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

                                                                                                                                                                                             ДОЛБООР

2019-ж. 13-декабрь

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө  муниципалдык  менчик жөнүндө”  Мыйзамынын  17, 19-беренелерине, Кыргыз Республикасынын “Борбордун статусу жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарында коомдук жүргүнчүлөр транспорту менен калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртуу үчүн, жаңы автобустарды сатып алуу максатында, Бишкек шаардык кеңеш

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

       1. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасына финансылык ижара (лизинг) шарттарында автобустарды сатып алууга макулдук берилсин.

       2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек башкармалыгы автобустарды сатып алуу үчүн финансылык ижараны төлөөгө жыл сайын финансылык каражаттарды алдын ала карасын.

       3. “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасы белгиленген тартипте чарбалык ишмердигинин эсебинен төлөө графигине ылайык финансылык ижара боюнча пайыздарды төлөөнү камсыз кылсын.

       4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин турак жай-коммуналдык чарба, отун-энергетикалык комплекс, транспорт, коммуникациялар жана инвестициялар боюнча туруктуу комиссиясына, Бишкек  шаарынын биринчи  вице-мэрине жана транспорт жана муниципалдык менчик маселелерин тейлеген вице-мэрге жүктөлсүн. 

Бишкек шаардык кенештин төрагасы                   Ж. Б. Абиров

Тиркемелер:

- маалымкат-негиздеме жана юридикалык корутунду (doc. 19 Кб)