Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
 

Долбоор

БИШКЕК ШААРДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ
Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөрдү атоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Бишкек шаарынын топонимика жана атын түбөлүккө калтыруу боюнча комиссиянын 2016-жылдын 26-майындагы, 2018-жылдын 1-февралындагы, 2019-жылдын 10-октябрындагы жыйындарынын №1 протоколдорун эске алуу менен, Бишкек шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаарында жаңы түзүлгөн көчөлөргө аталыштар ыйгарылсын:

Биринчи май району

- “Ак-Босого” конушундагы көчөлөргө төмөнкү аталыштар:

Чүй 7, Чүй 18, Чүй 20, Чүй 21, Чүй 36 1-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- “Аска-Таш”, “Керемет” конуштарында Месарош – Профсоюз көчөлөрүнүн чектеринде: Кронштадт, Керемет-2, Керемет-3, Керемет-4, Керемет-5, Аска-Таш-3 туюк көчөсү 2-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- “Достук” кичирайонундагы көчөлөргө: Достук-1, Достук-2,                   Достук-3, Достук-4 3-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- Профсоюз – Патрис Лумумба көчөлөрүнүн чектериндеги көчөлөргө:               Ак эмгек, Ак пейил, Ийгилик, Насип, Кеменгер, Кадырман, Даанышман, Делбирим, Кылым, Ак жаан, Гулсарат, Ботогөз, Күмүшбек Сейдесановдун аты 4-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- Боталиев – Щербаков көчөлөрүнүн  чектериндеги көчөлөргө: Дөөлөт, Санат, Керээз, Ак жалга, Жаш муун, Инсан, Шоола, Аалам, Мээнет, Умай Эне, Улукман, Залкар, Манас туюк көчөсү 5-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

Свердлов району

- Дачная – Фере көчөлөрүнүн чектериндеги көчөлөргө: Тогуз коргоол, Салбуурун, Нукура 6-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- Древесная – Осмонкул көчөлөрүнүн – Аламүдүн суусунун чектериндеги көчөлөргө: Кирпичная, Акыйкат 7-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- Новосельская – Керамическая  көчөлөрүнүн  чектериндеги көчөлөргө: Обон, Комуз, Сыбызгы, Кара Жорго, Көөкөр, Оймок, Зергер   8-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- “Дордой-2” конушундагы көчөнү: Дордой-Аул-1 9-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- “Ак-Тилек-2” конушундагы көчөлөргө: Ак-Тилек 2-3, Ак-Тилек 2-5, Ак-Тилек 2-6, Ак-Тилек 2-7, Ак-Тилек 2-8 10-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

Ленин району

- “Ак-Өргө” конушундагы Ашар көчөсүнө чектешкен көчөгө: Ашар, Ак-Шоокум, Ашар туюк көчөсү 11-тиркемеде келтирилген схемага ылайык;

- “Арча-Бешик” конушунда № 35, № 34, № 33, № 32 кичи райондордун көчөлөрүнө: Асылкеч, Азем, Ы.Абдрахманова, Ы.Абдрахманова-1, Ы.Абдрахманова-2, Аскарбек Мамеевдин, Жусуп Мамайдын аттары 12, 13, 14 жана 15-тиркемелерде келтирилген схемаларга ылайык;

- “Жал-30” кичирайонундагы көчөгө Карпек Курмановдун аты                 16-тиркемеде келтирилген схемага ылайык ыйгарылсын;

Октябрь району

- түштүк-чыгыш пландоо районундагы Аалы Токомбаев проспектинен Байтик Баатыр көчөсүнө чейинки көчөгө Арстанбек Дүйшеевдин аты               17- тиркемеде келтирилген схемага ылайык ыйгарылсын;

- түштүк-чыгыш пландоо районундагы Аалы Токомбаев проспектинен түштүк багыттагы көчөгө Калый Молдобасановдун аты 18-тиркемеде келтирилген схемага ылайык ыйгарылсын;

- 5-кичирайондогу көчөгө Александр Железновдун аты                         19-тиркемеде келтирилген схемага ылайык ыйгарылсын.

2. Ч.Айтматов проспектинен “Аэрофлот” агенттигинин имаратына чейинки аллеяга “Кыргызстандын авиациясына даңк аллеясы” аталышы 20-тиркемеде келтирилген схемага ылайык ыйгарылсын.

3. Бишкек шаарынын мэриясы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн көчөлөрдү атоого байланышкан иштерди жүргүзүүгө финансылык каражаттарды  Бишкек шаарынын бюджетинен карасын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аншлагдарды орнотуу боюнча иштерди жүргүзсүн.

4.  Жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Бишкек шаардык башкармалыгы, “Бишкекбашкыархитектура” муниципалдык ишканасы эсепке алуу жана инвентаризациялоо маалыматтарына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5.  Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

6.        Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаардык кеңештин муниципалдык менчик, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жана шаар куруу жана архитектура маселелерин жетекчиликке алган Бишкек шаарынын                   вице-мэрине жүктөлсүн.

Бишкек шаардык кеңештин төрагасы                   Ж. Б. Абиров    

Тиркемелер:

маалымкат-негиздеме (doc. 17Кб)

- База наименовании вновь образованных улиц в городе Бишкек (zip, 8,65 Мб)